Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Айдарбеков президентке эл аралык уюмдардын позициясын жеткирди

384
(жаңыланган 13:21 13.10.2020)
Жээнбеков азыркы тапта түзүлгөн татаал саясий кырдаалда эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга чакырды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда Айдарбеков Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, алардын КРдеги абалга тынчсызданып жатышканын айткан.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял главу внешнеполитического ведомства страны Чынгыза Айдарбекова. 13 октября 2020 года
    Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял главу внешнеполитического ведомства страны Чынгыза Айдарбекова. 13 октября 2020 года
    Ага ылайык, жолугушууда Айдарбеков Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, алар КРдеги абалга тынчсызданып жатканын айткан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Министр БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуу кандай өткөнү боюнча да маалымат берген.

"Анда БУУ, Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстандын саясий күчтөрү кеңири диалог жүргүзүп, укуктук талаага тез арада кайтып келет деген ишенимин билдиришкен. Жолугушууда өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер укуктук талаада көрүлүп жаткандыгы белгиленген. Тараптар өлкөдө кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашкан", — деп айтылат маалыматта.

Айдарбеков белгилегендей, жолугушууда эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн кыргыз бийлиги жасаган аракеттерди колдошорун, зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Евробиримдик Жээнбековдун макамы боюнча позициясын билдирди

Ал эми мамлекет башчы чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосуна ыраазычылык билдирген.

Жээнбеков азыркы тапта түзүлгөн татаал саясий кырдаалда эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын кошумчалаган.

384
Белгилер:
уюм, сүйлөшүүлөр, министр, ТИМ, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди
Евробиримдик Жээнбековдун макамы боюнча позициясын билдирди
Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду
Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев. Архив

Президенттин оператору КТРК жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда

64
(жаңыланган 13:35 23.06.2021)
Сатиев алты президенттин бешөө менен иштешкен. Өткөн жумадан тарта телеканалдын директорунун орун басары катары эмгектенип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Анын айтымында, өткөн жумада телеканалдын башкы директору Бактияр Алиев Сатиевди ушул кызматка дайындоону өтүнгөн. Эми келерки жумада Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиев бул кызматка толук кандуу бекитилиши мүмкүн.

Талапкер буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

64
Белгилер:
дайындоо, орун басар, директор, КТРК, оператор
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги Свердлов районунун мурдагы акими Нарын шаарына мэр болду
Президент Садыр Жапаров

Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты

41
(жаңыланган 13:46 23.06.2021)
Президент Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Менчикти коргоо, ишкерлер менен инвесторлорду колдоо" жана "Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыктардын аткарылышына ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп берерин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди дагы атаган.

Экономикалык субъектилерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Бул үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү;

Мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү.

"Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыздайбыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат", — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде "ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду" деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат.

"Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда. Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт", — деди Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Финансы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

41
Белгилер:
бизнес, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
40 млн. долларлык киреше... Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив

Июлда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6%га кымбаттаары айтылды

0
(жаңыланган 14:59 23.06.2021)
Көп товарлардын, анын ичинен мунай заттарынын баасы тездик менен өсүп жатат. Бир жыл ичинде баа 85 пайыздан да жогорулады.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Июль айында Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4-6 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Маалыматта учурда көп товарлардын, анын ичинен мунай заттарынын наркы улам өсүп жатканы айтылат. Фьючердик баа бүгүнкүгө бир баррелине 75 доллар болгон. Ал эми жыл ичинде 85 пайызга кымбаттаган.

"Суроо-талап өсүп жатат. Bank of America берген анализге таянсак, Brent мунайынын бир баррели 2022-жылы 100 долларга чыгат. Мындай божомолдорду ири нефтетрейдер Trafigura жана америкалык Goldman Sachs банкы да айтып жатат. Баанын көтөрүлүшүн суроо-талаптын көп, ал эми сунуштардын аз болушу менен байланыштырып жатышат", — деп айтылган маалыматта.

Бул тармакта иш алып барып жаткандар Казакстанда да мунай заттарынын баасы кымбаттап жатканын кабарлашты. Рынокко Павлодардагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу 24-июлдан 16-августка чейин жасала турган оңдоо иштери таасирин тийгизген. Рыноктогу эксперттердин айтымында, бул маалда күйүүчү май тартыш болуп, ал өлкөнүн түндүгүнө Россиядан келген импортту көбөйтөт. Трейдерлер май берген бир катар тараптар мындан аркы баанын өсүшүн күтүп, чектеп койгондуктарын айтышты.

Баа Өзбекстанда да көтөрүлгөн. Муну Россиядан келчү мунай заттарынын наркы орточо эсеп менен тоннасы 25тен 30 долларга чейин кымбаттагандыгы менен түшүндүрүштү.

Россияда мунайдын баасынын өсүшүнөн жана рублдин курсунун алсыздыгынан улам бир катар чаралар көрүлүүдө. Мисалы, биржада күйүүчү майдын сатылуусу көбөйүп, демпфердик механизмдер тизгинделүүдө. Мунай компаниялары менен макулдашуулар жүрүп, ички рынокту камсыздаш үчүн экспортко тыюу салуу да каралууда. Россиянын май куйган бекеттеринде баа бир айдан бери (13-майдан тарта) токтоосуз өсүп жаткандыгы айтылды.

"Бүгүн ички рынокто АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 54 миң рубль, ал эми экспорттук наркы тоннасына 67 миң рублден ашып кетти. Дизель майы мындай абалдан улам Европада асмандап жатат, тарыхый рекоррду жаңылап, алты пайызга кымбаттады", — деп айтылган маалыматта.

Нефтетрейдерлердин билдиргенине караганда, июлда күйүүчү майдын баасы дагы, тагыраагы, 4төн 6 пайызга чейин көтөрүлөт.

"Кыргызстан көп жактан, анын ичинен мунай заттары боюнча импортко көз каранды. Өндүрүшчүлөрдүн баштапкы баасына таасир эте албайбыз. Андыктан өлкөнүн рыногуна таасирин бере алган башка чараларды колдонуу абзел. Маселен, абдан көп колдонулган маалда мунай заттарынан алынган салыкты азайтуу, гибриддик, электр кыймылдаткычтар менен жүргөн техникалык унааларды өлкөгө алып кирип жатканда жеңилдик кароо, май жана газ куюучу бекеттерди курууда нормаларды жөнөкөйлөштүрүү жолдору бар", — деп сунушташты нефтетрейдерлер.

Аталган союздан бул газ рыногун тез өнүктүрүүгө көмөктөшүп, улуттук валютаны күчтөндүрөрүн белгилешти.

0
Белгилер:
бензин, Күйүүчү май, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Мунай сатуу тартибин бузган май куюучу 5 жайга айып салынды