Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции - Sputnik Кыргызстан

Кайрадан чогулган депутаттардын жыйыны. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу саат 15:20лар чамасында бүгүн саат 16:00дө депутаттардын кезексиз жыйыны болорун шашылыш жарыялады.

Нуракун уулу жыйын "Ала-Арча"резиденциясында өтө турганын Facebook баракчасына жазган. Депутаттардын бири анын постуна "эч планы жок эле жарым саат калганда чакыра бересиңерби" деп нааразычылыгын билдирди.

Ал эми депутат Аида Касымалиева жыйында бүгүнкү кырдаал талкууланарын кабарлады. Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:13 13.10.2020

Ушу тапта фракция лидерлери сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин айтып жатышат.

20:03 13.10.2020

Канат Исаевге сөз берилип, ал кесиптештерине ыраазычылык билдирди. 

20:00 13.10.2020

Канат Исаев 78 депутаттын добушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Эки эл өкүлү каршы болду.

19:39 13.10.2020

Депутаттар бирден келип бюллетендерин урнага таштап жатышат.

19:39 13.10.2020
19:38 13.10.2020

Жыйынга төрагалык кылган Аида Касымалиева депутаттарды залга чакырууда.

19:25 13.10.2020

Ал арада депутат Урмат Самаев өзүнө карата "коркутту" деп айтылган сөздөргө жооп берди

19:24 13.10.2020
19:15 13.10.2020

Добуш берүү башталды. Эми жалпы жыйын башталды.

19:11 13.10.2020

Калган фракциялар Исаевдин талапкерлигин колдоп, ушу тапта анын артыкчылыктарын тизмектеп жатышат.

19:05 13.10.2020
19:04 13.10.2020

Мында эсептөө комиссиясы кайрадан түзүлүп жатат.

19:03 13.10.2020

Өзгөчө абал боюнча токтом бир добуштан кабыл алынды.

18:59 13.10.2020

Эсептөө комиссиясы түзүлүп жатат. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирет.

18:56 13.10.2020

Күн тартибинде өзгөчө абал режими киргизүү боюнча маселе каралат. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо сунушу түштү.

Күн тартиби бир добуштан бекиди. 

18:54 13.10.2020

Каттоодон 62 депутат өттү. Кворум бар.

18:53 13.10.2020

КР гимни ырдалып жатат.

18:52 13.10.2020
18:30 13.10.2020
18:17 13.10.2020

Эльвира Сурабалдиева: мени жыйынга эч ким чакырган жок. Жыйынга кворум үчүн гана келдим. Митингде жарадар болуп ооруканада жаткан балдарды көрүп, абалдарын сурап келдим.

18:05 13.10.2020

Каныбек Иманалиев: Жээнбеков легитимдүү, эл шайлаган президент. Аны бүткүл коомчулук, Евробиримдик тааный турганын айтты. Бул негизги түйүндүү маселе. Парламент эле иштеп баштаса, эле баары өз ордуна келет.

Жаңы премьер-министрди мен эмес бүт юристтер айтып чыгышты. Ал легитимдүү болсо, бардык өлкөнүн премьер-министрлери куттуктамак. Бирок коңшу Казакстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары куттуктаган жок. Мындай учурда эч бир өлкө сүйлөшпөйт. Өкмөт башчы тышкы чөйрө менен сүйлөшүп, инвестиция тартып, коомчулуктун ишенимин алыш керек. Жапаров кайра талапкерлигин кое алат. 

18:00 13.10.2020

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келген Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун “парламентти бир мандатуу кылуу маселесин ойлонуштурабыз” деген кебине комментарий берди. Эл өкүлүнүн айтымында, азыркы кырдаалда парламентти бир мандаттуу кылуу мүмкүн эмес, себеби Башкы мыйзамды өзгөртүү үчүн кеминде эле алты ай кетет.

17:40 13.10.2020
17:37 13.10.2020

Бактыбек Райымкулов: Садыр Жапаров — легитимдүү премьер-министр. Өткөндө ЖКда кворум чогулган. Мамлекеттин тынчтыгы үчүн аны колдош керек. Талашып-тартыша берсек мамлекетти туура эмес жолго салып коебуз. Бүгүнкү күндө бизге бир гана тынчтык керек.

17:26 13.10.2020

Жанар Акаев бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин спикерин шайлоо маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, спикерликке талапкерлердин бири — "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев.

17:23 13.10.2020

Депутат Марат Аманкулов спикерди эртерээк тандап алыш керек деп эсептейт. Анын ою боюнча бул — өлкөдөгү абалды турукташтыруунун бирден бир жолу.

17:16 13.10.2020

Темирлан Султанбековдун камалышы туура эмес окуя болду. Бул тууралуу депутаттардын кезекчиз жыйынына келген Жанар Акаев журналисттерге билдирди.

"Эгер Султанбеков кармалса, анда ошол жерге чыккан бардык саясатчылар камалышы керек болчу. Анын бир да жолу "бийликти басып алабыз" деп айтканын уккан жокмун. Аны кармап кеткен себебин түшүнбөй калдым. Султанбековдун бошотулушун талап кылам. Керек болсо эртең айрым депутаттар чогулуп ИИМге барып Султанбековго жолугуп чыксакпы деп ойлоп жатабыз. Биз "камайбыз" десе дагы коркпойбуз. Анткени ал жерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулганбыз", — деди Жапаров.

17:11 13.10.2020

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, Жогорку Кеңештин аны премьер-министр кылып бекитүү боюнча токтомун артка кайтара турганы маалым болду.

17:06 13.10.2020

Кезексиз жыйынга келген депутат Аида Касымалиевага журналисттер “Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка келгени легитимсиз деген оюңуздан кайткан жоксузбу” деген суроо узатышты. Буга эл өкүлү “Садыр Жапаров премьер-министр болсо болсун, бирок кыйшык креслого отурбастан, түздөп алсын” деп жооп берди. Ал ошондой эле Жапаровду премьерликке бекиткен документке кол койгондор кийин “бийликти басып алуу” деген берене боюнча жооп берип калышы мүмкүн экенин эскертти.

17:03 13.10.2020

Улан Примов: Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетишин туура эмес деп эсептейм. Ал киши өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн Конституцияда жазылган ыйгарым укуктарын колдонуп, эл шайлаган президент катары ишмердүүлүгүн аягына чейин өтөп бүтүшү керек.

16:56 13.10.2020

Аида Касымалиева: бүгүнкү жыйын бир нече депутаттардын демилгеси менен уюштурулуп жатат. Мында өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал жана президент жарыялаган өзгөчө абал боюнча документ талкууланат. Ал эми Садыр Жапапровдун премьер-министрликке мыйзамдуу же мыйзамсыз негизде келгени боюнча маселе бүгүнкү күн тартибинде жок. Ал үчүн даярдык көрүп, тийиштүү документтерди карап чыгуу керек.

16:54 13.10.2020

Кворум болушу үчүн кеминде 61 депутат чогулушу керек.

16:49 13.10.2020

Бүгүнкү жыйын тууралуу ага жарым саат калганда укканын депутат Жылдыз Мусабекова жазып чыкты. Эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев да кабардар эмес экенин айтты. Депутаттар бул тууралуу Ибраим Нуракун уулунун постунун алдына жазган.

16:45 13.10.2020

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жыйында өзгөчө абал киргизүү тууралуу караларын айтканы менен вице-спикер Аида Касымалиева бүгүнкү кырдаал кошо талкуулана турганын билдирүүдө.

16:42 13.10.2020
16:39 13.10.2020
16:38 13.10.2020

Жыйын азырынча баштала элек. Резиденцияга барган кабарчылардын айтымында, депутаттар акырындап чогула баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0