Депутаты во время гимна в госрезиденции Ала-Арча во время внеочередного заседания Жогорку Кенеша. 13 октября 2020 года

Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жаткан депутаттардын тизмеси

402
(жаңыланган 19:51 13.10.2020)
Чогулган депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын колдоп, токтом кабыл алды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Ага жалпы 63 эл өкүлү катышып жатканын жыйынга төрагалык кылып жаткан Аида Касымалиева айтты.

Президенттин аппараты Жапаров премьерликке эмне себептен бекитилбегенин айтты

ЖКнын кезексиз жыйынына келген депутаттардын тизмеси:

  1. Каныбек Иманалиев;
  2. Иса Өмүркулов;
  3. Садык Шер-Нияз;
  4. Тазабек Икрамов;
  5. Айнуру Алтыбаева;
  6. Евгения Строкова;
  7. Төрөбай Зулпукаров;
  8. Улан Примов;
  9. Эмил Токтошев;
  10. Махабат Мавлянова;
  11. Алиярбек Абжалиев;
  12. Дастан Бекешов;
  13. Мирлан Жеенчороев;
  14. Сайдолимжон Жураев;
  15. Жанар Акаев;
  16. Мээримбек Койчуманов;
  17. Бакытбек Жетигенов;
  18. Тынчтыкбек Конушбаев;
  19. Жаныбек Бакчиев;
  20. Айгерим Бешимбаева;
  21. Бейшеналы Нурдинов;
  22. Канат Исаев;
  23. Сталбек Молдалиев;
  24. Нурбек Тотонов;
  25. Тариел Жоробеков;
  26. Экмат Байпакпаев;
  27. Айнура Аскарова;
  28. Бактыбек Райымкулов;
  29. Абдывахап Нурбаев;
  30. Мирлан Бакиров;
  31. Урматбек Самаев;
  32. Нурбек Сыдыгалиев;
  33. Эльвира Сурабалдиева;
  34. Абдыбек Дүйшалиев;
  35. Дүйшөн Төрөкулов;
  36. Аида Касымалиева;
  37. Бакирдин Субанбеков;
  38. Зарылбек Рысалиев;
  39. Марат Аманкулов
  40. Нурбек Алимбеков;
  41. Айнура Осмонова;
  42. Пархат Тулендыбаев;
  43. Гүлшат Асылбаева;
  44. Орозбек Алыбаев;
  45. Автандил Кулбараков;
  46. Байгазы Кенжебаев;
  47. Сталбек Молдалиев;
  48. Шаршенбек Абдыкеримов;
  49. Тариел Жоробеков;
  50. Марлен Маматалиев;
  51. Салайдин Айдаров;
  52. Айбек Алтынбеков;
  53. Наталья Никитенко;
  54. Алтынбек Сулайманов;
  55. Бахадыр Сулейменов;
  56. Динара Исаева;
  57. Мирлан Бакиров;
  58. Сайдулла Нышанов;
  59. Калдарбек Баймуратов;
  60. Нодирбек Каримов;
  61. Аалы Карашев;
  62. Алмаз Жутанов;
  63. Камчыбек Жолдошбаев.

Жогорку Кеңеш төрагалыгына Канат Исаевдин талапкерлиги сунушталды

Жыйын "Ала-Арча"резиденциясында өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын колдоп, токтом кабыл алды.

402
Белгилер:
тизме, депутат, Жогорку Кеңеш, жыйын
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш өзгөчө абал боюнча токтом кабыл алды
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

21
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

21
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

179
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

179
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды