Кыргызстан фракциясынын жетекчиси Канат Исаев

ЖК төрагасы болуп шайланган Канат Исаев тууралуу кызыктуу фактылар

2369
(жаңыланган 21:17 13.10.2020)
"Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Канат Исаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага болуп шайланды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаңы дайындалган Канат Исаев тууралуу фактыларды топтоду. 

Депутаты поздравляют новоизбранного спикера ЖК, лидера партии Кыргызстан Каната Исаева в госрезиденции во время внеочередного заседания Жогорку Кенеша. 13 октября 2020 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК төрагасы болуп шайланган Канат Исаев

Чүйдүн кулуну

Канатбек Исаев 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Үй-бүлөсү

Канат Исаев 7 бир тууган. Агасы Талантбек Исаев ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ага чейин Жол кайгуул кызматын башкарган.

Атасы тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Апасы Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы 12-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Ал өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берген. Ошондой эле Баатыр эне ордени менен сыйланган, Эл агартуунун мыктысы төш белгисине, ошондой эле КРдин эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Ташыбаева быйыл, 2020-жылы 6-июлда, 79 жаш курагында дүйнө cалган.

Исаев: ун мыйзамы өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кабыл алынган

Жеке жашоосу

Исаев келинчеги Жамиля менен мектепте окуп жүргөндө эле таанышкан. Учурда жубайлардын беш баласы бар. Улуусу Бермет экономист, былтыр турмуш жолуна аттанган. Экинчиси Чыңгыз шахмат боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү. Андан кийинки балдарынын аты Тынай жана Канышай. Ошондой эле жубайлар былтыр кыздуу болушкан. 

Депутат Канат Исаев, вышедший под домашний арест на официальном открытии очередной сессии Жогорку Кенеша Кыргызской Республики  VI созыва. 4 сентября 2018 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Канат Исаев 2015-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, фракция лидери болуп келе жатат

Жылкы баласына жакын

Исаев жаштайынан жылкыга жакын, ар дайым ат минип, улакка дагы түшөт. 2002-жылы көк бөрү боюнча "Тынай" аталышындагы профессионалдык команда түзгөн. 2011-жылдан тарта Көк бөрү федерациясын жетектей баштаган.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөөдөн баштаган

Канат Исаев 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында, андан кийин Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов райондук башкармалыгында стажер, инспектор, ага инспектор, башкы инспектор болуп эмгектенген.

2003-2008-жылдары болсо Чүй райондук кеңешинин депутаты, "Тынай-Ата" уюмунун төрагасы, Экономика жана каржы министрлигинде алдыңкы адис, Газ чарбачылыгы башкармалыгынын жетекчи орун басары, облустук башкармалыктын жетекчиси, башкы дирекциянын мүчөсү катары иштеген.

Жогорку Кеңеш өзгөчө абал боюнча токтом кабыл алды

Токмокту башкарып турганда жемкорлукка айыпталган

Канат Исаев 2008-2010-жылы Токмок шаарынын мэри болгон. Ал бул кызматта жүргөн кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп "Коррупция" беренеси менен айыпталган. Бирок 2018-жылы берене "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылган.

Массалык башаламандык уюштурган деп УКМК кармаган

Канат Исаев 2017-жылы массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.

Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганы айтылган. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча, Исаев эгер президенттикке талапкердин бири шайлоодо утулуп калса, массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшүп макулдашкан. Исаев кийинчерээк үй камагына чыгарылган. 

Новоизбранный спикер ЖК, лидер партии Кыргызстан Канат Исаев в госрезиденции во время внеочередного заседания Жогорку Кенеша. 13 октября 2020 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Канат Исаев 7 бир тууган

Агасы ал үчүн ИИМдеги кызматынан кеткен

Канат Исаевге жогорудагы кылмыш иштери козголгондон кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткен. Бирок кийинчерээк кайтып келерин, ал эми кайсы кызматка экендиги белгисиз экендигин айткан.

Сариев Исаевди керт башын ойлойт деп...

Экс-премьер-министр Темир Сариев Канат Исаевди Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын себепчилеринин бири деп атаган. Мурунку өкмөт башчы аны тендерге катышууга ниеттенген "Империя групп" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптап, Исаев мамлекет жана коом кызыкчылыгынан өзүнүн керт башынын пайдасын жогору коёрун билдирген.

"Республиканы", андан кийин "Кыргызстанды" жетектеди

В 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин "Республика" фракциясын жетектеген. Андан соң фракциядан чыгып, "Бирдиктүү ынтымак" деген депутаттык топту жетектеген.

2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары эмгектенип, парламенттик шайлоого катышууну чечкендиктен кызматын тапшырган.

2015-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, фракция лидери болуп келе жатат.

Исаев жана көк бөрү чыры

Былтыр февралда Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов кызматтан кетип, анын ордуна дароо эле "Түндүк электр" ишканасынын директору Искендер Кадыркулов шайланган. Эртеси Канат Исаев 2013-жылы Көк бөрү федерациясын жетектеп турганда Казакстан негиздеген "Түрк тилдүү элдердин салттык спорту ассоциациясына" мүчө болуп кирүүгө кол койгон деген документтер тарап, аны чыккынчы деп атагандар болгон. Бул документ Кыргызстан көкпарды эл аралык оюн катары таанып, өнүктүрүүгө макулдугун берди дегенди түшүндүрөт дешкен.

Өзү ал кол койгон документ кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келбейт деген.

"Ал ассоциацияга киргенибиз — улуттун кызыкчылыгына каршы келди дегенге туура келбейт. Мүчө болсо эле тай казан эрежеден алып салынат дегенди түшүндүрбөйт. Документтерди бирөө атайын таратууда. Муну атайын бирөө уюштурушу мүмкүн. Жетекчиликтен кеткенден кийин маселенин баарын башка бирөөгө оодарууга аракет жасалып жатат, ким каралап жатканын айтпай эле коёюн", — деген Исаев.
2369
Белгилер:
жыйын, Жогорку Кеңеш, спикер, факты, Канатбек Исаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жаткан депутаттардын тизмеси
Садыр Жапаров Кочкорго иш сапары менен барды

Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду

17
(жаңыланган 19:40 25.10.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Макет будущего проекта в рамках рабочей поездки и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Флаги Кыргызстана и благотворительной организации Катар Чарити во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 10
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды

Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Айыл жергесине мындай объектинин курулушу – бул жаратман процесс, жеке мен үчүн да маанилүү болуп саналат", — деди Жапаров.

Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, таза суу маселеси да чечилет.

Садыр Жапаров өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

"Долбоордун негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алыш үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен. Аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз мындай бут тосууларга эми жол бербейбиз. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", — деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Жапаров Катар мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгилеген.

17
Белгилер:
курулуш, Катар, иш сапар, Кочкор, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

769
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

769
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек
Вышка на пограничном посту Максат в Лейлекском районе Баткенской области.

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

0
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

ИНЖ: Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу
https://sputnik.kg/politics/20200808/1049257291/prezident-zhehehnbekov-chek-ara-maselesi-tuuraluu.html

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

Теги: Кыргызстан Тажикстан Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал ок
ИНЖ: Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
https://sputnik.kg/politics/20200915/1049624279/kyrgyzstan-ozbekstan-chek-ara.html

0