Баары мыйзам менен чечилет. Жээнбеков элге кайрылуу жасады

Жазылуу
Өлкө башчысы элге кайрылуу жасап, Кыргызстандагы бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы кайрылуусунда Кыргызстандагы бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектигин белгилейт.

Текст толугу менен берилет:

"Урматтуу мекендештерим!

Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды.

Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм.

Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү.

Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды.

Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок.

Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы.

Ошондуктан парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстан — укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет.

Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы.

Ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кезексиз жыйынга чогулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0