Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы - Sputnik Кыргызстан

ЖКнын премьерди тандоо боюнча жыйыны. Учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Жазылуу
4-октябрда парламенттик шайлоо өттү, 10 күндөн бери өлкөдө абал тынчый элек. Митингдер өтүп, өкмөт отставкага кетип, ЖК төрагасы алмашты.

Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жыйынга чогулат. Күн тартибинде өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын бекитүү каралган.

10-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан.

Бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.

Мазмуну
13:57 14.10.2020
13:06 14.10.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:34 14.10.2020
14:25 14.10.2020
13:56 14.10.2020

Өкмөттүн курамы бекитилгенден кийин ЖКнын тармактык комитетинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Анда шайлоо босогосун 3 же 1 пайызга түшүрүү, күрөөнүн суммасын 1 миллион сомго чейин азайтуу, №2 форманы жоюу, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышса, кызматынан толук кетирүү каралган.

13:47 14.10.2020
13:43 14.10.2020
Митинг сторонников Садыра Жапарова у дома правительства - Sputnik Кыргызстан
13:42 14.10.2020

"Мыйзамдуулукту, туруктуулукту орнотконго бар күчүбүздү жумшайбыз. Рахмат, силерге”, - деди Жапаров жыйындын аягында. 

13:36 14.10.2020
13:29 14.10.2020
13:25 14.10.2020

Мыктыбек Абдылдаев жыйында төрага Канатбек Исанв жана Садыр Жапаровдун соттуулугу боюнча маселени козгоду.

"Канат Исаев кайда экени билинбей деп ... кылмыш иши токтолуп калса керек. Прокуратура бул тууралуу эске алышы керек. Төрага муну эске алышы керек”, - деди Абдылдаев.

Ага жооп берген төрага "менин ишимде кылмыштын негизи жок деген соттун чечими турат”, - деди. 

Буга Садыр Жапаров да жооп берди.  

"Соттун чечими чыкты, демек, мен соттолгон эмесмин. Чыныгы кылмышкер болсом, премьер болоюн, элди башкарайын деп бир бута да басмак эмесмин. Коррупцияны жоеюн, мыйзамсыздыкты жок кылайын деп келе жатам. Мага кресло керек эмес", - деди Жапаров.

13:16 14.10.2020

Депутат Жанар Акаев Садыр Жапаровго 5-6-7-октябрда митингге чыгып жаракат алып, ооруканага жаткандарга  компенсация кароо жагын эскертти. Андан сырткары Жапаровду сындагандарды коркутуп-үркүтүү кылгандарга  чыгып, кайрылууну, аларды токтотууну айтты.

13:12 14.10.2020

Депутат Айсулуу Мамашова өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди алмаштырууну сунуштады.

Ал пандемия маалында өз ишин жакшы көрсөтө албай калганын айтты.

13:08 14.10.2020

Анын айтымында, өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.

Садыр Жапаров — премьер-министр ;
Артём Новиков — биринчи вице-премьер;
Равшан Сабиров — вице-премьер;
Максат Мамытканов — вице-премьер;
Аида Исмаилова — вице-премьер;
Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр;
Санжар Муканбектов — экономика министри;
Кыялбек Мукашев — каржы министри;
Эркинбек Чудуев — айыл чарба министри;
Бакыт Бердалиев — транспорт жана жолдор министри;
Марат Жаманкулов — юстиция министри;
Руслан Казакпаев — тышкы иштер министри;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Бообек Ажыкеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Нуржигит Кадырбеков — маданият, маалымат жана туризм министри;


 

13:03 14.10.2020

Депутат Аида Касмалиева ага коркутуулар болуп жаткандыгын жана дегеле коркутуулар боюнча Жапаров элге кайрылуу жасабагандыгын, бул аны чочуткандыгын айтты. Легимтимдүүлүк маселеси боюнча айтты. Соңунда депутат Жапаровдун ишине ийгилик кааларын, аны колдоорун айтты.

"Коркутуп, үркүтүү боюнча... элди кантип тыям. Мага карата экинчи, каршы күчтөр иштеп иштеп, бул сыяктуу билдирүүлөрдү таратууда. Ал эми легитимдүүлүк боюнча алдыңарга үч жолу келдик. Элге кайрылсам, эл кайра көтөрүлүп жатат. Биринчи макул деп коюп, кайра баш тартып жатат деген жана башка сөздөр чыгып кетеби дедим", - деп жооп берди Жапаров.  

12:55 14.10.2020
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

12:50 14.10.2020

Жапаров жаш, таза иштейм деген жаштарды тартууга убада берип, буга аракет кылып жаткандыгын айтты.

12:49 14.10.2020
12:46 14.10.2020

"Саясий куугунтукту мендей көргөн, жон териси менен сезгендей адам араңыздарда жок болсо керек. Бир тууганым, балдарым, үй-бүлөм аны көрдү", - деди Жапаров. 

12:44 14.10.2020

Депутат Дастан Бекешев алгачкы суроолорду берди. Ага жооп узаткан  Жапаров криминалдык күчтөр менен күрөшүгө убада берип, депутаттардын бул боюнча ага жардам беришин сурады. 

12:43 14.10.2020
12:41 14.10.2020
12:36 14.10.2020
12:29 14.10.2020
12:22 14.10.2020

"Азыр жеке амбицияларды көрсөтө турган учур эмес. Биз жана биздин саясий өнөктөштөр өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен  алып чыгуу  угуу үчүн биргелешкен аракеттерди жасашыбыз зарыл. консенсуска келип, Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдык", - деди "Республика" партиясынын лидери, ЖК депутат Мирлан Жээнчороев. 

12:19 14.10.2020

Эски аянтка чогулгандар талапкерлиги премьер-министрликке сунушталып жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары экени айтылууда.
Ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдына 100дөн ашуун киши чогулуп турат. Акцияга келгендер өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары экени айтылды. Алар ЖК төрагасынын шайланышын жокко чыгарып, президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат.


 

12:15 14.10.2020

"Жеке оюмда бүгүнкү кырдаалда, моралдык климаттан улам тарап кеткенибиз дурус. Азыр ушул туура болот", - деди Абдылдаев. 

12:10 14.10.2020

ЖКнын бүгүнкү жыйынынан көрүнүш

11:48 14.10.2020

"Кечинде дагы кан төгүүгө жол бербейли деп депутаттар Садыр Жапаровду колдойлу деген бир пикирге келдик. Кризистен алып чыгып кетем деп убада берип жатат. Алып чыгып кетет деп ойлойм, биз да четте карап турбай, жардам кылабыз”, - деди Акаев.

Ал коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпой тургандыгын, "анча-мынчадан корксо саясатка келмек эместигин" кошумчалады.

Жапаров бүдөмүк кишилерди кызматка алып келбеши керектигин, андай болсо катачылыктар кайра кайталанарын, анда кызматтан кетүүгө туура келерин айтты. 

11:47 14.10.2020

Жанар Акаев ИИМ жетекчисине жолуккандыгын, абактагы Темирлан Султанбековдун абактан бошотуларына ал убада бергендигин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кабарлады. 

11:41 14.10.2020

Канатбек Исаев премьерликке бир гана Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталгандыгын айтты.

11:41 14.10.2020

"Өлкөдөгү туруктуулук, коомдук саясий абалдын жана саясий кризистин жоюлушуна парламент бул кадамы менен өзүнүн салымын кошту. Жыйындын легитимдүү жана легитимсиз болушу боюнча да сөз болуп жаткан. Өкмөттүн кураммын, программасын, талапкерин бекитсек, коомчулукта да бул сөздөр жокко чыгат", - деди Канатбек Исаев.

11:35 14.10.2020
11:32 14.10.2020
11:31 14.10.2020

 83 депутат катышып отургандыгы айтылды. Сегиз ишеним кат түшкөн. 

11:28 14.10.2020
11:27 14.10.2020
11:26 14.10.2020

“Өкмөттүн курамын бекитип берели, иштесин, биз да өз ишибизди кылалы. Бүгүн эл кайра чыксын деп жатасыздарбы. Жетет эми”, - деди депутат Алтынбек Сулайманов.

11:19 14.10.2020
11:16 14.10.2020

“6-7-октябрда да чогулсак болмок. 9-октябрда өзгөчө абал кирди. 12синде ал абалды жокко чыгарбай туруп, кайрадан киргиздик. Марттагы өзгөчө абал да жокко чыкпай турат. Андай болгондо бүткүл комитет иштеши керек эле. Мен муну сунуштайм. Баарыбыз укуктук абалга түшөбүз дегенден кийин укуктук абалга кирели”, - деди ал. 

11:10 14.10.2020
11:05 14.10.2020
10:52 14.10.2020

Мирлан Бакиров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “менин маалыматым боюнча Садыр Жапаровдун башка талапкерди көрбөй турам”, - деп айтты.

10:49 14.10.2020

Депутат Аида Касымалиева: бүгүн бардык мыйзамдарды, процессти эске алып бекитүү болот.

10:44 14.10.2020
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
10:39 14.10.2020
10:20 14.10.2020

Жээнбеков: Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Кыргызстан — укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет.

Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы.

 

 

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Баары мыйзам менен чечилет. Жээнбеков элге кайрылуу жасады
10:18 14.10.2020

Учурда журналисттер резиденцияга келишти 

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
10:18 14.10.2020

Жыйындын тогуз жарымда башталары айтылган, бирок кечигүүдө. 

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0