Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПремьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган.

БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кылып бекитип беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Бул жыйындын күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган. Кийинчерээк өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтарган.

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке "Ала-Тоо" аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган. Бирок эртеси айрым депутаттар анын бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0