Көпчүлүк коалиция премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоду

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы отуруму легитимсиз деп табылып, 13-октябрда депутаттар кайрадан кезексиз жыйынга чогулган. Анда өзгөчө абал тууралуу жарлык каралып, ЖК төрагасы шайланган.

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп берди.

Бүгүн, 14-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда премьер-министр, өкмөттүн курамы жана программасы бекитилмекчи.

Эми Садыр Жапаровдун талапкерлиги жалпы жыйында каралат.

Эске салсак, 6-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын кызматка келиши коомчулукта шек жаратпашы керек деп парламенттин токтомун артка кайтарган

Баары мыйзам менен чечилет. Жээнбеков элге кайрылуу жасады

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кызматка легитимсиз келди деген талаш тартыштан улам чет мамлекеттерден анын кызмат ордун тааныган билдирүүлөр, куттуктоолор келген эмес.

Эми бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.

Ушу тапта жыйын кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0