ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив

Бабанов Жээнбеков жана Жапаров менен жолукту

2633
(жаңыланган 13:32 14.10.2020)
Жолугушуу 13-октябрда болгон. Өмүрбек Бабанов алгач Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен, андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу "Республика" партиясынын штабынан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, тараптар 13-октябрда жолуккан. Бабанов алгач Жапаров жана Ташиев менен жолуккан.

"Бабанов Мирлан Жээнчороев жана Руслан Казакбаев болуп Сооронбай Жээнбеков менен өзүнчө жолукту. Анда өлкөдөгү кырдаал талкууланган. Ошондой эле мамлекетти укуктук талаага кайтаруу маселеси козголгон", — дешти штабдан.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул маалыматка комментарий бере элек.

2633
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖКга өкмөттүн курамын сунуштады. Тизме

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

134
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

134
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды
Тергөө абагы. Архив

Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

72
(жаңыланган 21:58 22.10.2020)
Бүгүн Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) кайда экени маалым болуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга алып келинген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

72
Белгилер:
абак, Камчы Көлбаев, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты