Жапаров кадрларды "атамбаевчи", "бакиевчи" деп бөлбөөгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция учурунда
Премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын учурунда журналисттер ИИМдин жаңы жетекчисинин Райым Матраимов менен байланышы бар экенин айтып, бул боюнча анын пикирин сурашты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров аткаминерлерди "атамбаевчи", "бакиевчи" жана башка топторго бөлбөөгө чакырды.

Маалымат жыйын учурунда журналисттер ИИМдин жаңы жетекчисинин Райым Матраимов менен байланышы бар экенин айтып, бул боюнча анын пикирин сурашты.

"Улан Ниязбеков 15 жылдай убакыттан бери ИИМ системасында иштеп келе жатат. Ал жаш кадр, ошол себептен тандадым. Бирок жамаатка тааныштырып жатканда убактылуу дайындалганын айттым. Өзүн көрсөтө алса калат, болбосо, алмаштырабыз. Матраимовдун, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кадрлары дейсиңер, келгиле, мындай сөздөрдү таштайлычы", — деди Жапаров.

Анын айтымында, "эгер адам чыныгы кесипкөй болсо, кимдики экени маанилүү эмес". Ошондой эле Жапаров адам билимдүү болсо, мурда кайсы президент менен иштегенине карабай кызматка отургузуу керек деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0