Ысык-Көл мейманканасынын алдында президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы

Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы башталды. Видео

967
(жаңыланган 18:34 14.10.2020)
Чогулгандар топ-топ болуп ар кайсы жерде турат. Агрессия байкалбайт, атургай музыка жаңырып турганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан анча алыс эмес жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

"Бул жерге келгендер президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүн талап кылууда. Болжол менен 200-300дөй киши чогулган", — деп айтылат билдирүүдө.
  •  Митинг сторонников президента Сооронбая Жээнбекова у заброшенной гостиницы Иссык-Куль в Бишкеке
    Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан анча алыс эмес жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы өтүп жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  •  Митинг сторонников президента Сооронбая Жээнбекова у заброшенной гостиницы Иссык-Куль в Бишкеке
    Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  •  Митинг сторонников президента Сооронбая Жээнбекова у заброшенной гостиницы Иссык-Куль в Бишкеке
    Эске салсак, премьер-министр Садыр Жапаров бир нече саат мурунку маалымат жыйыны учурунда президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин айткан
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  •  Митинг сторонников президента Сооронбая Жээнбекова у заброшенной гостиницы Иссык-Куль в Бишкеке
    Президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 4
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан анча алыс эмес жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы өтүп жатат

Эске салсак, премьер-министр Садыр Жапаров бир нече саат мурунку маалымат жыйыны учурунда президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин айткан.

967
Белгилер:
Митинг, колдоо, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Жээнбеков жаңы дайындалган премьер жана спикер менен жолукту

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

807
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

807
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга барды

156
(жаңыланган 19:54 28.10.2020)
Жумушчу сапардын алкагында Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 28-октябрда, Казакстанга жумушчу сапары менен барды.

Сапардын алкагында Руслан Казакбаевдин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Казакбаев Казакстандын бир катар мамлекеттик органдарынын жана коммерциялык уюмдарынын жетекчилери менен баарлашат.

“Эки тараптуу жолугушуу учурунда саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук сферасы жана башка кызыкчылыктар талкууланат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Руслан Казакбаев Россияга барып кесиптеши Сергей Лавров менен баарлашкан.

156
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү