Жапаров: оюма койсо Атамбаевди үй камагына чыгармакмын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-октябрдагы окуядан соң митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Кийин Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында ал 10-октябрда кайра кармалган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып койсо болот деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон маалымат жыйынында айтты.

Өкмөт башчыга Атамбаев саясий куугунтукка кабылып жатабы деген суроо узатылган.

"Эгер менин эркиме коюшса, мен аны үй камагына чыгармакмын. Жакшыбы-жаманбы, ал алты жыл мамлекетти башкарды. Камакта кармалбай эле сот процесстерине катышып жүрө бермек", — деди Жапаров.

Ал Атамбаевдин акыркы окуяга байланыштуу кармалышын туура эмес деп эсептей турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Ак үйдү курчоого алуу аракетинен улам митингчилер менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Андан 19 жаштагы жигит каза болуп, миңден ашык адам жаракат алган. Түнкүсүн митингчилер парламенттин имаратын ээлеп алышкан. Андан соң УКМКга барып, Алмазбек Атамбаевди жана анын абактагы тарапташтарын чыгарышкан. Дагы бир топ Садыр Жапаровду жана камактагы башка саясатчыларды бошоткон.

Жапаров кадрларды "атамбаевчи", "бакиевчи" деп бөлбөөгө чакырды

Алмазбек Атамбаевди Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кайра кармашкан.

Мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0