Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодон кийин кетери айтылды

Жазылуу
Садыр Жапаров президент менен сүйлөшкөндөн кийин митингге чыккан тарапташтарынын алдына келип сүйлөшүүлөр эртең уланарын билдирди.

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр болуп дайындалган Садыр Жапаров бүгүн жолукту.

“Садыр Жапаров президент бүгүн кечинде отставкага кетсин деген талабын койду”, — деди Стамалиева.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков учурда кызматын тапшырып кетүүгө акысы жок экенин билдирген.

“Президент мурдагы позициясын карманарын айтып, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоону жарыялап, мамлекетти укуктук талаага кайтарып коюп кетерин билдирди”, — деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президент менен сүйлөшкөндөн кийин митингге чыккан тарапташтарынын алдына келип сүйлөшүүлөр эртең уланарын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0