Премьер-министр Садыр Жапаров

Жапаров: президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүүлөр эртең да уланат

1421
(жаңыланган 21:19 14.10.2020)
Өкмөт башчы тарапташтарына кайрылып, президент менен эртең саат 11:00дө дагы жолуга турганын билдирди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн жанында чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып, эртеңкиге чейин тарап кетүүнү суранды.

Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн түштөн кийин жолугуп, отставкасы тууралуу үч-төрт саат сүйлөшкөнүн айтты. Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калганын белгиледи.

"Президент отставкага кетиши керек деген элдин талабын Жээнбековго айттым, бирок бүгүн сүйлөшүп бүтө алган жокпуз. Эртең саат 11:00дө дагы жолугабыз. Анын натыйжасын саат 12-13:00дөр чамасында айтабыз. Эгер жыйынтык болбосо мен жоопкерчиликти албайм. Азыр бирөөлөр да ортого түшүп жатат. Андыктан бүгүн тарап кетишиңиздерди суранам, эртеңкиге чейин күтүп туруңуздар", — деди Жапаров.

Бирок тарапташтары буга макул болгон жок. Алар "алданып каласың" дешип, президент бүгүн отставкага кетиши керектигин айтышты. Жапаров болсо алданбай турганын билдирип, эл менен коштошуп кетти. Чогулган эл азырынча тарай элек.

1421
Белгилер:
отставка, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы башталды. Видео
Жапаров: оюма койсо Атамбаевди үй камагына чыгармакмын
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

29
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

29
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

206
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

206
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды