Өкмөттүн үйүнүн алдында митинг

Өлкө коопсуздугуна өкмөт жоопкер болот. Президенттик аппараттын билдирүүсү

529
(жаңыланган 23:21 14.10.2020)
Кыргыз Республикасы бүгүн мыйзамдуу өкмөттү шайлоо менен укуктук талаага кайтууга ишенимдүү кадам таштаганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жаңы өкмөт өлкөдөгү жана Бишкек шаарындагы коопсуздуктун, коомдук тартиптин сакталышына толук жоопкер болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Ошондой эле маалыматта Кыргыз Республикасы бүгүн мыйзамдуу өкмөттү шайлоо менен укуктук талаага кайтууга ишенимдүү кадам таштаганы белгиленген.

Аны менен катар алдыдагы парламенттик шайлоону эркин, таза жана адилеттүү өткөрүү милдети турат.

"Айрым деструктивдүү күчтөр ар кандай басым менен кыргыз элин жарга такаган хаоско жана башаламандыкка алып келүүгө аракет кылып жатышат. Бүгүн, 14-октябрда, парламент өлкөнүн премьер-министрин жана өкмөттүн курамын шайлап, аны президент бекитти. Ага ылайык, жаңы өкмөт өлкөдөгү жана Бишкек шаарындагы коопсуздуктун жана коомдук тартиптин сакталышына толук жоопкер болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдар борбор калаага киргизилген өзгөчө абал режиминин талаптарын аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүшү керектиги белгиленди.

529
Белгилер:
президент, коопсуздук, жоопкерчилик, өкмөт
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындады
Жапаров: президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүүлөр эртең да уланат
Жээнбековдун отставкасын сүйлөшүүгө Жапаровду кимдер коштоп барганы айтылды
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

130
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

130
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

434
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

434
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты