Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

Жазылуу
5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, 6-октябрга караган түнү Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатканын айтып, кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет жетекчиси өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан бийик экенин айтып, ар бир мекендештин өмүрү баарынан кымбат экенин белгиледи. Мындан улам Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

Буга чейин Жээнбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугуп, отставка маселесин талкуулап жатканы айтылган болчу.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар орун алып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен. Анда ал шайлоочулардын 54,76 пайыз добушуна ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0