Жапаров Чүй облусунун башчылыгына "Ордо" партиясынын лидерин дайындады

© Фото / пресс-служба партии "Ордо""Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров. Архив
Ордо партиясынын лидери Мирбек Мияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадрдык өзгөрүүлөр мамлекеттик кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында жасалып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0