Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив

УКМК президент Жээнбековдун сүйлөшүүсү делген аудио боюнча үн катты

847
(жаңыланган 12:39 15.10.2020)
Кечээ социалдык тармакта Сооронбай Жээнбековго үнү окшош адам менен белгисиз жарандын телефондон сүйлөшүүсү тууралуу аудио жазуу тараган.

Бишкек, 15-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бир адам менен сүйлөшкөнү тууралуу социалдык тармакта тараган аудиожазуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

УКМК аталган аудиожазмага жана анын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

"Учурда УКМК аталган материалды жасоого жана аны жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктап тактоо боюнча иш жүргүзүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта Сооронбай Жээнбековго үнү окшош адам менен белгисиз жарандын телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган.

847
Белгилер:
жазуу, аудио, Сооронбай Жээнбеков, УКМК
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
Жээнбековдун отставкасын сүйлөшүүгө Жапаровду кимдер коштоп барганы айтылды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?

90
(жаңыланган 15:44 07.05.2021)
11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде президенттин администрациясы кайрадан түптөлгөн.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. КР президенти менен өкмөтүнүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлүп, жетекчиси болуп кайрадан эле Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында КР президентинин администрациясы түзүлдү", — деп айтылган маалыматта.

Администрация жетекчилиги боюнча Жапаровдун төмөнкүдөй жарлыгы чыккан:

Сүйүнбек Касмамбетов — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Медербек Сатыев — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Бектур Зулпиев — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Жеңишбек Асанкулов — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

90
Белгилер:
жарлык, президент, референдум, Кыргызстан
Тема боюнча
Түзүмү жаңыланган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары бекитилди
Марипов: министрлер кабинети өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейт
Головной суу бөлүштүрүү жайы

Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды

218
(жаңыланган 10:59 07.05.2021)
Буга чейин Ташиев 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылкы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонула турганын айтып, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Тажикстан чек араны бөлө турган чийин сызыла турчу тилкелерди көрсөттү.

"1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери Лейлек районунун аймагында жайгашкан № 43 чек ара чекитинен № 61 чек ара чекитине чейинки тилкени жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин тактоодо гана пайдаланылат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ташиев аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонула турганын айтып, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, 17-майга чейин топографиялык иштер жана кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.

218
Белгилер:
Лейлек, Кара-Бак, жер тилкеси, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт
Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди
Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев беттеш учурунда. Архив

Кыргызстандык балбан Лазарев UFC мушкери Романовду көтөрүп чаап утуп алды

0
(жаңыланган 16:11 07.05.2021)
Кыргызстандык балбан эми Тажикстандын Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык балбан менен коло байге талашат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери, молдовалык Александр Романовду утуп алды. Балбандар Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште көңүл жубатуучу этапта кез келишти.

Турнирдин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.

Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Лазарев биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде утулуп жатып, тик турган позициядан атаандашын көтөрүп чаап, ошол бойдон килемге басып далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар экөө тең баштапкы этапта Индия балбаны Сумит Сумитке жеңилген. Ал финалга чыккандыктан Лазарев менен Романов коло байгеге ат салышуу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.

Кыргызстандык балбан эми тажикстандык Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык Хосе Даниэль Диас Роберти менен коло байге талашат.

Эске салсак, молдовалык Александр Романов UFC уюмунун мушкери. Ал промоушенде үч ирет октагонго чыгып, баарында жеңишке жеткен. Жалпысынан ММА спортунда 14 жолу таймашка чыккан болсо, бир да жолу жеңиле элек.

0
Белгилер:
лицензия, Олимпиадалык оюндар, мелдеш, эркин күрөш, Айаал Лазарев
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Балбан кыз Нураида Анаркулова лицензиялык турнирге катышат
Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды