Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү

Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү

826
(жаңыланган 14:57 15.10.2020)
Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо калк добушунун 54,22 пайызына ээ болуп, өлкө башчысы болуп шайланган. Sputnik Кыргызстан мамлекет башчысы акыркы үч жылда кандай өзгөргөндүгүнө кызыгып көрдү.

Сооронбай Жээнбеков КРдин президенти болгонго чейин, тагыраагы, 2010-2015-жылдары КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Мамлекеттик кадр кызматынын директору (2015), президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары (2016), 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 21-августуна чейин премьер-министр кызматын аркалаган.

Бүгүн, 2020-жылдын 15-октябрында, туура үч жылдан кийин Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жар салды.

Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келгенден кийин кандай өзгөргөнү чагылдырылган сүрөт түрмөк сунушталды. Биринчиси өлкө башчылыкка чейинкиси болсо, экинчиси президенттик кызматтагы убагы.

1. Бишкек шаарында 2017-жылы 7-мартта өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышкан премьер-министр Жээнбеков

2. 2020-жылдын сентябрь айында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйыны

1. РФ премьер-министри Дмитрий Медведев менен КРдин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында расмий жолугушуу маалында, 2016-жыл, июнь айы

2. Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) саммити, Россия президенти Владимир Путин менен Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков, 2019-жыл, ноябрь айы

1. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк майрамында, 2017-жыл, 31-август

2. Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү, Бишкек, 2020-жыл, 31-август

1. Астана шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышкан КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 2017-жыл

2. Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусу, 2019-жыл, ноябрь

1. КРдин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ошол кездеги казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен, 2017-жылдын март айы

2. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана КР президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаары, 2019-жыл, 27-ноябрь

1. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык барактарын тапшыруу учуру. 2017-жыл, октябрь айы

2. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кенештин жыйынында, 2020-жыл, февраль айы

1. Сооронбай Жээнбековдун бир нече күн мурун өкмөт башчысы болгон учуру, 2016-жыл

2. Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, 2019-жыл, сентябрь айы

1. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун аймактагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учуру, 2017-жыл, август айы

2. Баткен облусуна расмий иш сапары менен барган өлкө башчысы, 2020-жыл, март айы

1. Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчы катары президенттик аппарат менен алгачкы жолугушуусу

2. Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 14-октябрында элгекайрылуу жасаган учуру. Эртеси отставкага кетерин жар салды.

826
Белгилер:
Сүрөт, Сооронбай Жээнбеков, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков — комсомол, мугалим, зоотехник. Сейрек сүрөттөр
Жээнбековдун чет өлкөгө жасаган тунгуч иш сапары. Минскиден тартылган сүрөттөр
Сейрек жылмайган Жээнбековдун сүрөттөрү
Президенттик кортеждин автоунаасы. Архив

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматына жаңы жетекчи дайындалды

310
(жаңыланган 20:15 19.10.2020)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот.

УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

310
Белгилер:
жетекчи, кайтаруу, кызмат, УКМК
Тема боюнча
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова

Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды

293
(жаңыланган 18:46 19.10.2020)
Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна Шайиста Шатманова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов башкарчу. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал ээлеген ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кийин ал кызматынан кетип, Социал-демократтар саясий партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан.

293
Белгилер:
жарлык, кызмат, телеканал, ЭлТР
Тема боюнча
Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Отоларинголог кызмат убагында. Архивдик сүрөт

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

0
Дарыгер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин Sputnik радиосуна отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

0
Белгилер:
оору, мурун, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду
Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы