Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков менен жолуга элек. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Садыр Жапаров
Премьер-министр Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүнкүгө пландалган президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусу болбой калды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.

Жолугушуу бүгүн саат 11.00гө пландалган болчу. Кечээ кечинде Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.

"Садыр Нургожоевич өзүн жаман сезип жаткандыктан жолугушуу болбой калды. Көп кыйналып калгандыктан ден соолугу начарлай түшкөн", — деди маалымат катчы.

Ал эми "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулган митингчилер менен жолугууга келген ЖК депутаты Талант Мамытов премьер-министр кечээтен бери ооруп жатканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

"Садыр Жапаров менен бүгүн эртең менен жолуктум. Ал туугандарынын жанында болгон экен. Кийинчерээк ал сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтып чыгып кеткени белгилүү болду. Жапаров сүйлөшүүлөр бүткөнгө чейин эл тынчтанып, күтүп турушун айтып мени бул жакка жиберди", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал сүйлөшүүлөр резиденцияда боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0