Кремль. Архив

Кремль Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча үн катты

17958
(жаңыланган 18:14 15.10.2020)
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдан улам мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Азыркы тапта Кыргызстандагы абалды турукташтырууга багытталган бардык кадамдар маанилүү. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымат жыйын учурунда айтканын РИА Новости жазды.

Билдирмеге ылайык, Песков КР президенти Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши боюнча да өз оюн билдирген.

"Кандайдыр бир эмоционалдык критерийлерге таянып баа берүүгө мүмкүн эмес. Азыр Кыргызстандагы абалды турукташтырууга багытталган бардык кадамдар маанилүү", — деди Песков.

Ал Москва Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турарын айтып, КРде кырдаал тез аранын ичинде турукташып, тынчып, мыйзам талаасына келишине тилектеш экенин кошумчалаган.

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатканын айтып, кайрылуу жасады. Мамлекет жетекчиси өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан бийик экенин айтып, ар бир мекендештин өмүрү баарынан кымбат деп белгиледи. Мындан улам Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

17958
Белгилер:
кырдаал, Дмитрий Песков, кремль, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту
Sputnik Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Тактоо
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү
Президенттик кортеждин автоунаасы. Архив

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматына жаңы жетекчи дайындалды

299
(жаңыланган 20:15 19.10.2020)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот.

УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

299
Белгилер:
жетекчи, кайтаруу, кызмат, УКМК
Тема боюнча
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова

Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды

283
(жаңыланган 18:46 19.10.2020)
Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна Шайиста Шатманова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов башкарчу. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал ээлеген ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кийин ал кызматынан кетип, Социал-демократтар саясий партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан.

283
Белгилер:
жарлык, кызмат, телеканал, ЭлТР
Тема боюнча
Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Катуу суукта бараткан беткапчан аял. Архивдик сүрөт

Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт

0
Адистин айтымында, коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. COVID-19 кыш келип, күндүн суукташы менен басаңдайт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев "Известия" басылмасына билдирди.

"Коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт. Келерки жазда дагы бир жайылып барып анан жоголот деп божомолдоп жатабыз. Бирок жазда азыркыдай күчтүү болбойт", — деди Пальцев.

Адис учурда коронавирус өтө күчөп турган чагы экенин эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, иммунитетти бекемдөө сыяктуу эрежелерди сактоого чакырат.

0
Белгилер:
адистер, прогноз, кыш, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт