Өнөр жай, энергетика комитетин эми Жыргалбек Сагынбаев жетектейт

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жаңы дайындалган Жыргалбек Сагынбаев
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жаңы дайындалган Жыргалбек Сагынбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчини жалпы жамаатка вице-премьер Равшан Сабиров тааныштырган. Анын айтымында, Сагынбаев татыктуу кадр жана өнөр жай тармагында мол тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аны жалпы жамаатка вице-премьер Равшан Сабиров тааныштырган. Анын айтымында, Сагынбаев татыктуу кадр жана өнөр жай тармагында мол тажрыйбасы бар.

"Жаңы жетекчини колдоп өлкөнү өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөө керек", — деди Сабиров.

Жапаров Чүй облусунун башчылыгына "Ордо" партиясынын лидерин дайындады

Мындан сырткары, Сагынбаев комитеттин мурдагы жетекчиси менен да жолугуп, буга чейин жасалган иштер, энергетика тармагындагы маанилүү делген маселелерди талкуулашкан. Тараптар бири-бирине ийгилик каалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0