Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков на внеочередном заседании Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча

Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Жээнбеков келди

291
(жаңыланган 11:04 16.10.2020)
Парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароого чогулду. Жыйындар залында өкмөт мүчөлөрү отурганын дагы көрүүгө болот.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik.  "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан кабарчысы жеринен билдирди.

Парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароого чогулду.

Жыйындар залында өкмөт мүчөлөрү отурганын дагы көрүүгө болот.

291
Белгилер:
жыйын, Жогорку Кеңеш, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Жээнбековдун отставкасын кароого чогулган парламент, өлкөдөгү абал. Онлайн-репортаж
Жогорку Кеңеш президент Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Видео
Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года

Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду

6
(жаңыланган 19:34 25.10.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года

  • Макет будущего проекта в рамках рабочей поездки и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Флаги Кыргызстана и благотворительной организации Катар Чарити во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 10
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Рабочая поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область

Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Айыл жергесине мындай объектинин курулушу – бул жаратман процесс, жеке мен үчүн да маанилүү болуп саналат", — деди Жапаров.

Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет.

Садыр Жапаров өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

"Долбоордун негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алыш үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен. Аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз мындай бут тосууларга эми жол бербейбиз. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", — деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Жапаров Катар мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгилеген.

6
Белгилер:
курулуш, Катар, иш сапар, Кочкор, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

756
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

756
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек