Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Садыр Жапаров и спикер ЖК Канат Исаев на внеочередном заседании Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча

Тарыхый окуя. Жээнбеков, Исаев, Жапаровдун "Ала-Арчага" кирип келген видеосу

1525
Сооронбай Жээнбеков буга чейин отставкага кетүү боюнча арыз жазган. Бүгүн парламент президенттин ушул чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров келди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-октябрь күнү, парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароого чогулган.

Жыйындар залында өкмөт мүчөлөрү отурганын дагы көрүүгө болот.

Учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

1525
Белгилер:
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, Сооронбай Жээнбеков
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

81
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

81
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

45
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

45
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды