Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив

Шайлдабекова: президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот

724
(жаңыланган 12:23 16.10.2020)
Конституция боюнча парламенттик шайлоо эки айдын ичинде, президенттик үч айдын аралыгында өткөрүлүшү шарт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттик жана парламенттик шайлоону бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Конституция боюнча парламенттик шайлоо эки айдын ичинде, президенттик үч айдын аралыгында өткөрүлүшү шарт.

"Парламенттик шайлоону БШК дайындайт, ал эми президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш бекитет. Эки субъект кеңешип көрүп чечим кабыл алышы керек", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров шайлоого катыша албай турганын кошумчалады.

724
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, парламент, президент, шайлоо
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров чек ара кызматынын төрагасына жолукту. Сүрөт

5
(жаңыланган 13:18 26.10.2020)
Садыр Жапаров жакын арада чек ара көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айтты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.

  • Исполняющий обязанности президента, премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял председателя Государственной пограничной службы Кыргызской Республики Уларбека Шаршеева. 26 октября 2020 года
    Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Исполняющий обязанности президента, премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял председателя Государственной пограничной службы Кыргызской Республики Уларбека Шаршеева. 26 октября 2020 года
    Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

 

Уларбек Шаршеев Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрда болгон окуя тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Чыр чыккан Баткенге Чек ара кызматынын төрага орун басары Алимбаев барды

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгилеген.

"Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүп чечсе болот. Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн маселени чечүүнү улам артка жылдыра бербеш керек. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы зарыл", — деген Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу жакын арада чек ара көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айткан.

Жапаров Баткен учурдагы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берген.

5
Белгилер:
Мамлекеттик чек ара кызматы, Уларбек Шаршеев, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

288
(жаңыланган 12:57 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

288
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди