Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков өзү бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетеринде күч органдарында жетекчилик кызматта жүргөн төрт кызматкерге генералдык наам ыйгарды.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы төраганын биринчи орун басары Талантбек Салиев генерал-майор наамына ээ болгонун билдирди.

Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу

Ошондой эле милициянын генерал-майору наамы Ош ОИИБинин жетекчиси Малик Нурдиновго ыйгарылды.

Маалыматка караганда, бул Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кездеги акыркы жарлыктары.

Сооронбай Жээнбеков өзү бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0