Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

Исаев: Жээнбеков Кыргызстанда калат

330
(жаңыланган 16:21 16.10.2020)
Жогорку Кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбековдун келечектеги орду жана экс-президент макамы тууралуу суроого жооп берди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков өлкөдө каларын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп, кызматтан кетерин жар салган Сооронбай Жээнбековдун арызын кабыл алышты. Төрагадан Жээнбековго экс-президент макамы ыйгарылар-ыйгарылбасын сурашты.

"Жээнбековдо экс-президент макамы болуусу керек. Эгер ал соттолбосо, кылмыш иштерине аралашпаса, анда экс-президент макамы бекитилет", — деп жооп берди төрага.

Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу деп атаса болобу? Текебаевдин жообу

Ошондой эле Жээнбеков өлкөдө калабы деген да суроо узатылды.

"Ооба, ал өлкөдө калат. Кыйын кырдаалда өлкөнү таштап кеткен жок, демек, мындан ары да өлкөдө болот", — деди төрага.

Эске сала кетсек, Жээнбековдун отставкасынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы өлкө башчысынын милдетин аткаруудан баш тарткан, ага ылайык, президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

330
Белгилер:
экс-президент, Парламент, отставка, Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (459)
Тема боюнча
Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды
Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме
Президенттик кортеждин автоунаасы. Архив

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматына жаңы жетекчи дайындалды

296
(жаңыланган 20:15 19.10.2020)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот.

УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

296
Белгилер:
жетекчи, кайтаруу, кызмат, УКМК
Тема боюнча
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова

Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды

279
(жаңыланган 18:46 19.10.2020)
Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна Шайиста Шатманова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов башкарчу. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал ээлеген ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кийин ал кызматынан кетип, Социал-демократтар саясий партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан.

279
Белгилер:
жарлык, кызмат, телеканал, ЭлТР
Тема боюнча
Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Катуу суукта бараткан беткапчан аял. Архивдик сүрөт

Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт

0
Адистин айтымында, коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. COVID-19 кыш келип, күндүн суукташы менен басаңдайт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев "Известия" басылмасына билдирди.

"Коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт. Келерки жазда дагы бир жайылып барып анан жоголот деп божомолдоп жатабыз. Бирок жазда азыркыдай күчтүү болбойт", — деди Пальцев.

Адис учурда коронавирус өтө күчөп турган чагы экенин эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, иммунитетти бекемдөө сыяктуу эрежелерди сактоого чакырат.

0
Белгилер:
адистер, прогноз, кыш, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт