Камчыбек Ташиев УКМКга эмне максат менен жетекчи болгонун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектөөгө жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектөөгө жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташиев эмгек жамаатка бүгүн тааныштырылган. Буга чейин комитетти Орозбек Опумбаев жетектеп келген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектөөгө өлкөдөгү коррупция, бандитизмге каршы күрөшүү үчүн келдим. Бул тууралуу аталган кызматка жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, Ташиевдин УКМКга жетекчи болуп дайындалганы бүгүн кечке маал белгилүү болду.

"Саясий куугунтуктоо болбойт. Ага жол бербейбиз. Мен бул кызматка өлкөдөгү коррупция, бандитизм, пара алуу сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүү максаты менен келдим", — деди Ташиев.

Жетекчи ишинин жыйынтыгы жакын арада билине баштаарын кошумчалады.

Аталган кызматты буга чейин Орозбек Опумбаев жетектеп, элдик толкундоонун натыйжасында иштен кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0