Ташиев президенттик шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камчыбек Ташиев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев жакында өтө турган президенттик шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок.

"Бул саясий маселелер ачык бойдон калат. Ушул тапта мен УКМКнын төрагасы болуп дайындалдым, бул кызматта мыйзамга ылайык иштейм", — деди төрага.

Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем

Эскерте кетсек, Ташиев 4-октябрда өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясын жетектеп катышкан.

"Партиялык ишмердүүлүктүн баарынан четтейм. Үлүшүм бар бардык компаниялардан чыгам. Баш-отум менен азыркы жумушума киришем", — деди ал.

Буга чейин Ташиев чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөрүн да айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0