Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив

Таң калып турам! Элчи Аликбек Жекшенкулов отставкасы тууралуу үн катты

540
(жаңыланган 13:23 17.10.2020)
Мамлекет башчынын маалымат кызматы элчинин кызматтан алынышы боюнча пресс-релиз жиберип же сайтына жазган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Бул тууралуу жарлык "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланганын редакциядан тастыкташты.

Жарлыкта элчи ишенимди жоготкондугуна байланыштуу ээлеген ордунан бошотулганы жазылган.

Ал эми Жекшенкулов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди.

"Чынын айтсам өзүм дагы түшүнбөй турам. Ага кандай негиз болду экен. Мени менен ишенимден кеткеним боюнча эч ким сүйлөшкөн эмес. Андыктан таң калып жатам", — деди Жекшенкулов.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Президенттин жарлыгы 14-октябрда чыкканы көрсөтүлгөн. Бирок мамлекет башчынын маалымат кызматы бул тууралуу пресс-релиз жиберип же сайтына жазган эмес.

540
Белгилер:
жарлык, элчи, кызмат, Аликбек Жекшенкулов
Тема боюнча
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
УКМК жетекчисинин орун басарлары дайындалды
Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев. Архив

Президенттин оператору КТРК жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда

31
(жаңыланган 13:35 23.06.2021)
Сатиев алты президенттин бешөө менен иштешкен. Өткөн жумадан тарта телеканалдын директорунун орун басары катары эмгектенип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Анын айтымында, өткөн жумада телеканалдын башкы директору Бактияр Алиев Сатиевди ушул кызматка дайындоону өтүнгөн. Эми келерки жумада Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиев бул кызматка толук кандуу бекитилиши мүмкүн.

Талапкер буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

31
Белгилер:
дайындоо, орун басар, директор, КТРК, оператор
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги Свердлов районунун мурдагы акими Нарын шаарына мэр болду
Президент Садыр Жапаров

Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты

25
(жаңыланган 13:46 23.06.2021)
Президент Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Менчикти коргоо, ишкерлер менен инвесторлорду колдоо" жана "Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыктардын аткарылышына ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп берерин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди дагы атаган.

Экономикалык субъектилерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Бул үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү;

Мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү.

"Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыздайбыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат", — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде "ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду" деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат.

"Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда. Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт", — деди Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Финансы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

25
Белгилер:
бизнес, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
40 млн. долларлык киреше... Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды