Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба партии "Чон казат"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төрагасы болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев. Архив
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төрагасы болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин бул кызматты Бакир Таиров башкарчу.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин бул кызматты Бакир Таиров башкарчу.

Сыймык Жапыкеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Чоң-Казат" партиясы менен катышкан. Ага чейин аткаминерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтып, митингдерде активдүү катышып элге таанылган. Мурда прокуратура органында иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0