Шайлоо участогундагы бала. Архив

БШК парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүгө камынууда

446
(жаңыланган 17:35 17.10.2020)
БШК шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси чечилиши керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү максатка ылайык деп эсептейт. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

БШКнын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү дайындалгандан кийин эки айдын аралыгында уюштурулушу керек.

“БШКнын мүчөлөрү 20-декабрда парламенттик шайлоону өткөрүү максатка ылайык деп эсептейт. Себеби 2020-жыл бүткөнгө чейин добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек”, — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт

Ошол эле учурда БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси чечилиши керектигин белгилейт.

Алар:

  • Шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу;
  • №2 форма менен добуш берүүнүн жол-жобосун татаалдаштыруу. Тагыраак айтканда, шайлоо участкасын бир жолу гана алмаштыруу, бир облустун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу,
  • шайлоого 30 күн калганга чейин даректи өзгөртүү;
  • Жасаган иштери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон саясий партияларды кайра шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселесин жөнгө салуу.
446
Белгилер:
дайындоо, мыйзам, БШК, шайлоо
Тема боюнча
Шайлдабекова: президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот
Кишилер жаштардын аллеясында бара жатат. Архив

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

44
(жаңыланган 17:50 29.10.2020)
Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

Жамалбек Ырсалиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.

44
Белгилер:
Жамалбек Ырсалиев, Бишкек, дайындоо, вице-мэр
Тема боюнча
Бишкекте эки райондун акими кызматтан кетүүгө арыз жазды
Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив

РФ элчиси Европанын гиперүндүү ракеталар боюнча билдирүүсүнө жооп берди

50
(жаңыланган 15:43 29.10.2020)
Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов Европага ракета техникасын жайгаштырууга шашпай туруу керектигин эскертти. Дипломаттын сөзүн РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен шаршемби күнү Вашингтон Россияны тизгиндөө үчүн Европага гиперүндүү куралы менен баллистикалык ракеталарды жайгаштырууга даяр экенин жар салган.

Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

"Мындай билдирүүлөр регионалдык жана глобалдуу коопсуздукту туруксуздаштыруу кооптуулугун шарттайт, каршылашууну күчөтөт. Эгер Вашингтон куралданууга чындап көзөмөл жүргүзүүгө кызыкдар болсо, бул үчүн европа континентине ракеталарды жайгаштыруунун зарылдыгы жок", — деген Антонов.

Ал Владимир Путиндин Орто жана жакынкы ыраактагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин (ДРСМД) токтотулган шартында деэслакация сунушун "конструктивдүү альтернатива" деп атады.

Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен. Вашингтон Москвага тыюу салынган 9М729 ракетасын иштеп чыгып сынады деп кине койгон. Ал эми Россия бардык ишти уруксат берилген 500 чакырымга чейинки аралыкта жүргүзгөнүн айтып келет.

Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?

Ушул жумада Путин ракета жарышын токтотуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаган. РФ лидери Москва өлкөнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракетасын жайгаштырбай турганын, бирок НАТО тараптан да ушундай эле жооп күтөрүн билдирген. Ал муну менен бирге альянска Европа жана Калининграддагы объектилерде жайгаштырылып жаткан Мк-41 жана 9М729 техникасын текшерүүнү сунуштаган. Ал эми Германия ТИМинин өкүлү Андреа Зассе бул демилге "ишеним жаратпай турганын" билдирди. 

50
Белгилер:
коопсуздук, келишим, Владимир Путин, АКШ, Россия, ракета
Тема боюнча
Казакстанда ракетадан коргонуу боюнча Россиянын жаңы системасы сыналды. Видео
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

0
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

0
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео