Өкмөт чек аралаш Баткен облусуна жаңы жетекчи дайындады

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиПолномочным представителем правительства в Баткенской области Жаныбек Жалалов
Полномочным представителем правительства в Баткенской области Жаныбек Жалалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы башчы буга чейин Баткен шаарынын мэри, облустагы өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңеште да иштеген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Жаныбек Жалалов жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу кабарды облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Жалалов бул кызматка премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16-октябрындагы №460 буйругу менен дайындалган.

Кечээ, 17-октябрда, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жыйын өтүп, жаңы жетекчини премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов облус активине тааныштырды.

Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду

Анда мындай чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Жаңы дайындалган жетекчи облус активине кайрылып, мындай жоопкерчиликти татыктуу аркалоого аракет кыларын айтты.

"Баткен облусу жөнөкөй аймак эмес, шарты катаал, эки өлкө менен чектешип тургандыктан башка облустардан айырмаланып турат. Ошондуктан сиздердин жардамыңыздар менен алгылыктуу иштешебиз деп ишенемин", — деген ал.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Баткен шаарынын мэри болуп иштеп турган Жалалов өз милдетин аткара албай калгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

2015-жылдын 25-декабрында өкмөт Баткен мэринин ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0