Талас менен Нарын облусунун жетекчилери алмашты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЗаседание правительства РФ
Заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн Талас жана Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп Марат Мураталиев менен Эмилбек Алымкулов иштеп келген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Талас облусун 37 жаштагы Айбек Бузурманкулов, ал эми Нарын облусун 52 жаштагы Сабыркул Ашимбаев жетектемей болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйруктарга өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, буга чейин өкмөттүн Талас жана Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп Марат Мураталиев менен Эмилбек Алымкулов иштеп келген.

Өкмөт чек аралаш Баткен облусуна жаңы жетекчи дайындады

Октябрдын башында шайлоодон кийин нааразычылык жаралып, эл митингге чыкканда эки облустун башчысы тең эл менен экенин айтып, кызматтан кетүү арыздарын жазган. Бирок легитимдүү өкмөт шайлангыча аймактын тынчтыгы үчүн иштеп берерин айтып, кайра ишке кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0