Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи келди

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчисин өкмөт үч жылдык мөөнөткө даярдайт. Кийин ал башкармалыктын Россия тараптан мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып бекитет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси болуп Нурлан Мамытов дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба РКФРРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси болуп Нурлан Мамытов дайындалды
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи келди - Sputnik Кыргызстан
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси болуп Нурлан Мамытов дайындалды

Билдирүүгө караганда, фонд жетекчисин премьер-министр дайындайт.

Мамытов буга чейин "Айыл Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал эми фондду ушул жылдын 10-февралынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген.

Белгилей кетсек, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчисин өкмөт үч жылдык мөөнөткө даярдайт. Кийин ал башкармалыктын Россия тараптан мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып бекитет.

Жаңылыктар түрмөгү
0