Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров: Кыргызстан Россиянын алдындагы милдеттемелерин толук аткарат

406
(жаңыланган 15:50 19.10.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстан менен Россиянын жылуу мамилеси ошол бойдон сакталып каларына ишеним арткан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын алдындагы милдеттемелерин бүт баарын толугу менен аткарат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жакшы экенин белгилеп, алаканын ошол бойдон сакталып каларына ишеним арткан.

"Эч кандай өзгөрүү болбойт, эгер болот десек анда эки тарапка тең пайдалуу келишимдер түзүлөт. Бизди Россия менен көп нерсе байланыштырып турат. Биз геосаясат, аскердик кызматташуу жана экономикалык жактан Россиянын көңүлүнүн сыртында боло албайбыз", — деп билдирген Жапаров.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков элдик толкундоого байланыштуу отставкага кеткенден кийин ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Мындан улам мамлекет башчынын укуктары убактылуу премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.

406
Белгилер:
кызматташуу, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жапаров люстрация мыйзамы керектигин айтууда. Бул эмнени түшүндүрөт?
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

354
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

354
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

168
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

168
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Көчөдө бараткан адамдар. Архив

COVID-19га кабылган эркекте кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралышы мүмкүн

0
Адистин айтымында, коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эркектин тукум улоо органдарындагы ACE2 деп аталган рецепторлор организмге коронавирустун кирип кетишине көбүрөөк себепкер болот. Мындан улам COVID-19дан сакайгандан кийин эркектердин жыныстык жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог Зухра Павлова билдирди.

"Коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратары байкалууда. Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, коронавирустан айыккан соң эркектерде тестостерон гормонунун бөлүнүшүндө көйгөйлөр жаралат экен. Мындан улам алардын тукум улоо функцияларында түйшүк жаралышы ыктымал", — деди дарыгер.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.

0
Белгилер:
кесепет, коронавирус, эркек, тестостерон
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус эркектин сексуалдык каалоосун жок кылат. Жаңы изилдөө
Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат