Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив

Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды

1202
(жаңыланган 17:31 19.10.2020)
Элнура Мамбетжунушева Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматын бир жумага жетпеген гана убакыт жетектеп турду.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп өткөн аптада дайындалган Элнура Мамбетжунушеванын ордуна Кадыржан Семетеев келди. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамбетжунушева кайра эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

Ал жетекчилик кызматка 14-октябрда мурдагы төрага  Алтынбек Торутаевдин ордуна дайындалганы айтылган.

1202
Белгилер:
Кадыржан Семетеев, Элнура Мамбетжунушева, дайындоо, Мамлекеттик бажы кызматы
Тема боюнча
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи келди
Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив

Вероника Исаева Өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болду

1
(жаңыланган 09:21 27.11.2020)
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Жаңы жетекчинин өнөр жай тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Вероника Исаева Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Кечээ аны комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев эмгек жамаатка тааныштырган.

Вероника Исаева акыркы үч жылда жеке бизнесте өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып келген. Жалпысынан бул тармакта 15 жылдык тажрыйбасы бар.

1
Белгилер:
дайындоо, кызмат, Кыргызстан
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

360
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

360
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор