Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткара тургандыгы айтылды

Жазылуу
Бүгүн борбор калаанын вице-мэрлери, андан көп өтпөй шаар башчысы да алмаша тургандыгы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга маалымат булагынан билдиришти.

Андан мурда шаар мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетери белгилүү болгон.

Бүгүн Бишкек мэриясында вице-мэрлер алмашып, биринчи орун басарлыкка Нариман Түлеев келген эле.

Эске салсак, мэрди шаардык кеңеш дайындайт. Талапкерди фракциялар, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.

Ал эми мэр кызматтан кеткенде, биринчи-вице мэр анын милдетин аткаруучу болуп калат.

Түлеев 2008-2010-жылдары шаар башчысы болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0