Финпол ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын май айында Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, депутаттын мүлкүн териштире баштаган болчу.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Билдирүүнү Sputnik Кыргызстанга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тастыктады.

Азырынча Жумалиевге мындай чара кайсы иш боюнча колдонулганы айтыла элек.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары ачыкталган. Мындан тышкары, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Ошол кезде Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптап жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0