Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэринин милдетин аткармай болгон Нариман Түлеев. Архив
Бишкек мэринин милдетин аткармай болгон Нариман Түлеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нариман Түлеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болуп дайындалды. 2008-2010-жылдары  шаарды башкарган Түлеев тууралуу буга чейин бир катар чуулуу маалыматтар жазылып келген.

Ал журналисттерге берген маектеринин биринде алгачкы миллиондорун 90-жылдарда эле тапкандыгын айтып берген.

Бүгүн Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалып, өз арызы менен кызматтан кеткен Азиз Суракматовдон кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп отурат.

Өмүр баяны. Нариман Түлеев 1963-жылы 24-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. 1985-1986-жылдары Нарын МККсында мастер, андан кийин 1990-жылга чейин Кыргызстандын Тянь-Шань райондук комсомол комитетинде жана Ысык-Көл облустук комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген. 2005-жылы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасында башкы директор, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри, 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген.

Өлкөдөн чыгып кеткен. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Бишкектин мэри Нариман Түлеев кызматтан алынып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми ушул эле жылдын 6-апрелинде Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан кармалган. Сурак бир топ мөөнөткө созулуп, андан соң камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин экономика боюнча беренелеринин негизинде жана 7-8-апрелдин түнүндө башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деген күнөө менен иш козголгон. Кийин ага Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берилип, "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен талапкерлердин катарына кошулган. Бирок 2012-жылдын 21-июнунда кармалган.

Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин жарыялады

Кылмыш иши. 2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө коррупцияга катыштыгы бар, шаардагы бала бакчанын имаратын саткан жана 200 миллион сомдук  муниципалдык облигацияны чыгарууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган.

Мамлекетке 60 миллион сом кайтарып берген. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион 671 миң 304 сомдук чыгымды калыбына келтирип, 2016-жылы мунапыска туш келген. Мындан тышкары, соттун чечими менен анын байлыгы конфискацияланган.

Чуулгандуу 11 батир. Түлеев мамлекетке төккөн 60 миллион сомдун бир бөлүгүн акча менен төлөсө, калганына Caravan борборунда жана Sapat Centеr имаратынан 11 батир берип кутулган. Нариман Түлеевдин берген батирлери 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Сегиз батир мэриянын, үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.

Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты

Түрмөдө "авторитет" болчу. Бул тууралуу мурдагы шаар башчысы журналисттерге өзү айтып берген. Түлеевдин айтымында, ал абакта "авторитет" болгон. Соттолгондорго юрист катары документтер боюнча кеп-кеңеш айтып, материалдык жактан жардам берип келген экен. Ал кошумчалагандай, колонияда адилетсиз жаза өтөп отурган мыкты кишилер көп болчу.

Үй-бүлөсү. ЖМКда Нариман Түлеев биринчи аялы менен эки ача жолго түшүп, учурда экинчи никеси менен жашаары жазылган. Ал алты баланын атасы. Улуу кызы Назгүл Түлеева убагында атасынын таламын талашып президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев менен ошол кездеги депутат Хаджимурат Коркмазовду каматкандан кийин коомчулукка таанылган. Назгүл Түлеева журналисттерге берген маегинде үй-бүлөлүк бизнес менен алектенерин айткан. Маалыматтарга караганда, Нариман Ташполотовичтин улуу кызы 33 жашта болсо, кичүү кызы быйыл алтыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0