Бир миң сомдук купюралар. Архив

Райым Матраимов келтирген зыяндын ордун толтура баштады. 80 млн. сом которулду

8070
(жаңыланган 19:04 20.10.2020)
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Матраимов бюджетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени аныкталды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген эки миллиард сомду толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Матраимов көрсөтүлгөн сумманын 80 миллион сомун УКМКнын депозиттик эсебине которду.

“Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Матраимов бюджетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени аныкталды. Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде ага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген зыянды, жогоруда айтылган сумманы толугу менен төлөп берерин билдиргени айтылды. Каражат атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөнмөй болду.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

УКМК бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат.

8070
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы (14)
Тема боюнча
Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

357
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

357
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

170
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

170
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Конвертте акча кармап турган адам. Архив

Кара-Балта шаарынын мэриясында 19 млн. сом кымырылганы аныкталды

0
Эсеп палатасынын аудиттик материалдарына юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде 2018-2019-жылдары 19 миллион сом өлчөмүндөгү финансылык бузуулар аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитордук отчетунда жазылган.

Маалыматка ылайык, аудиттер мэриянын эки жылдык бюджетинин аткарылышын текшергенде 19 миллион 12 миң сомдун дайыны чыкпай калган.

"Аталган сумманын 18 миллион 674,4 миң сому эмгек акыны негизсиз төлөп берүүгө жумшалган. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатып 151,2 миң сом коротулса, 160,2 миң сом максатсыз пайдаланылган. Ушул жана башка каржылык бузуулар аныкталды", — деп көрсөтүлгөн отчетто.

Аудиттердин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгиленет.

0
Белгилер:
аныктоо, каражат, мэрия, Кара-Балта
Тема боюнча
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды