УКМК: Райым Матраимовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралат

Жазылуу
Бажы органдарындагы коррупциялык схемага аралашкан башкалардын да мамлекетке келтирген зыянын кайтаруу жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштердин уланары айтылды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Райым Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат. Бул туурасында УКМК билдирди.

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалган эле.

"УКМК бажы органдарындагы коррупциялык схемага аралашкан башкаларды да аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерди улантат", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр

Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген эки миллиард сомдук зыянды толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин да билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0