Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров

Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты

1051
(жаңыланган 19:41 20.10.2020)
Жапаров премьер-министр болгондон бери ага 30 миңден ашык СМС-билдирүү, 2000ден көп телефон чалуулар болгон. Мындан улам өкмөт башчы баарына жооп берүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, аудио билдирүү жаздырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Интернетте президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров досторуна жана тарапташтарына кайрылган аудио билдирүү тарады.

Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудиобилдирүү таратты

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев бул аудио билдирүүнү чындап эле Садыр Жапаров жаздырганын тастыктады. Анын айтымында, Жапаров премьер-министр болгондон бери ага 30 миңден ашык СМС-билдирүү, 2000ден көп телефон чалуулар болгон. Мындан улам өкмөт башчы баарына жооп берүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, аудио билдирүү жаздырган.

"Урматтуу мекендештер, мекенчилдер, тарапташтар, баарыңарга терең ыраазчылык билдирем. Жеңишибиз жалпыбызга кут болсун! Кудайдын кудурети жана силердин күчүңөр менен жеңишке жеттик. 10 жылдап жасаган эмгегибиз кайтты. Жакшы тилек менен ишти баштадым. Азыр тыным жок иштеп жатам. Себеби мага ишенген үмүттү үзүп койсом, эл эч бир саясатчыга ишенбей калат. Элдин ишеничи өчкөндөн кийин мамлекетке коркунуч туула баштайт. Экинчиден, социалдык тармакта отурган достор, мага капа болбой турушуңарды суранам. Телефон караганга бир мүнөт да убакыт болбой жатат. Мен бардык чалуу, СМС-билдирүүлөрдү карай албай жаттым, эми да карай албайт окшойм. Анткени азыр менин мойнумда алты жарым миллион элдин тагдыры турат. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем. Жок дегенде мамлекеттин ишин бир нукка салып алгычакты таарынбай турушуңарды суранам. Андан кийин тайпаларга кирип маалымат алмашып кабарлашып турабыз", — деп айтылат өкмөт башчынын аудио билдирүүсүндө.

Өзүбүз чакырганбыз. Жапаров Жээнбековдун отставкага кантип кеткенин айтты

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров учурда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы.

1051
Белгилер:
өкмөт башчы, аудио, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)
Тема боюнча
Жапаров: уулума телефон чалып, кызмат үчүн 300 миң доллар сунуштагандар бар
Садыр Жапаров аны криминал колдоп жатат деген кептерге жооп берди
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

76
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

76
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

88
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

88
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат