Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0