Мамытов: депутаттар Зулушевди башкы прокурор кызматына көрсөтөт

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чогулуп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү карайт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор кызматына кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштайт. Бул туурасында ЖК депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.

Анын талапкерлигин көрсөтүү бүгүнкү жыйында каралат. Жогорку Кеңештин депутаттары учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынга чогулду. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкуланат.

Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду

Буга чейин Башкы прокуратураны Өткүрбек Жамшитов жетектеп келген.

Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актап чыгарган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0