Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отставкага кетүү үчүн арыз жазды

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовКандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов
Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында башкы прокурор болуп дайындалган. Депутаттар анын ордуна эл өкүлү Курманкул Зулушевди сунуштоого камынууда.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тийиштүү тармактык комитети башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкага кетүү боюнча берген арызын карап жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин жыйыны өтүүдө.

Учурда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет башкы прокурордун арызын кароодо.

Мамытов: депутаттар Зулушевди башкы прокурор кызматына көрсөтөт

Жыйын башталар алдында эл өкүлү Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурорлук кызматка кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай турганын журналисттерге билдирген.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында башкы прокурор болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0