Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан

ЖКнын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча жыйыны. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүн ЖК депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулайт. Учурда депутаттар чогулган "Ала-Арча" резиденциясында эмне болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан таанышып турсаңыз болот.

Буга чейин БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин чукул карап беришин суранган.

Алар:

  • шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу;
  • №2 форма менен добуш берүүнүн жол-жобосун татаалдаштыруу. Тагыраак айтканда, шайлоо участкасын бир жолу гана алмаштыруу, бир облустун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу,
  • шайлоого 30 күн калганга чейин даректи өзгөртүү;
  • жасаган иштери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон саясий партияларды кайра шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселесин жөнгө салуу.

Азырынча кворум жок. Жыйын саат 11:00дө башталмак.

Мазмуну
12:05 21.10.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:57 21.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында президенттик шайлоонун күнүн бекитишкен жок.

Аталган маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилген болчу. Бирок башка маселелер каралып бүткөнгө чейин эл өкүлдөрү залдан чыгып кетишти. Жада калса төрага Канат Исаев, вице-спикер Мирлан Бакиров дагы ордун таштап кеткен. Мындан улам биринчи вице-спикер Аида Касымалиева залда он чакты гана депутат калганын айтып бүгүнкү жыйынды жыйынтыктады. 

19:26 21.10.2020

Парламент айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин кароо учурунда кээ бир эл өкүлдөрү буга чейин мамлекеттик кызматта иштебегенин сынга алышты. Бирок башкалары анын менеджерлик сапатын белгилеп, жаштыгына жана дилгирлигине маани беришти.

Токтогазиев суроолорго жооп берип жатып аны министрлик кызматка премьер-министр Садыр Жапаров өзү чакырганын айтты.

Натыйжада анын талапкерлигин депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти.

 

 

18:51 21.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды. 84 депутат макул десе, бир эл өкүлү каршы деген добушун берди.

 

17:30 21.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында демилгечилердин бири Алтынбек Сулайманов баяндама жасады.
Натыйжада эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун колдоп берди. Алдыда дагы экинчи, үчүнчү окууда каралат.

Эгер мыйзам күчүнө кирсе:
Парламенттик шайлоонун күрөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
Босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүүлөт;
Шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн форма №2 жокко чыгарылат. Анын жолу таталдаштырылат;
Шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен кызматтан бошотулат.

17:29 21.10.2020
17:14 21.10.2020

Токтогазиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жапаровдун акыркы иш-аракеттерин жактырарын белгиледи. Андан соң ал комитеттин жыйынына чакырылып, сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады.

17:03 21.10.2020

Тилек Токтогазиев комитеттин жыйынына келди. Ал айыл чарба министрлик орунга талапкер.

Заседание комитета Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
17:02 21.10.2020

Президенттин парламенттеги өкүлү Жапаровдун Башкы прокурорлук кызматка Зулушевди дайындоо боюнча сунушун окуду.

17:02 21.10.2020
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
16:50 21.10.2020

Депутаттар тыныгуудан келишти. 

14:46 21.10.2020

Депутаттар саат 16:00гө чейин тыныгууга чыгышты.

14:16 21.10.2020
14:12 21.10.2020

Күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла! Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдик" партиясына кайра шайлоого катышууга тыюу салууну сунуштады.

 

14:01 21.10.2020

Анын арызын президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев окуп, депутаттарга тааныштырды. Натыйжада баары бир добуштан анын отставкасын кабыл алууну колдоп берди.

14:01 21.10.2020

Дээрлик эки саатка созулган талаш-тартыштан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилди. Маселени кароо бүгүн кароо үчүн ачык добуш берилип 15 депутат каршы чыкты, бирок 73 эл өкүлү макул болду.

13:39 21.10.2020

Көпчүлүгү "макул" деп добуш берди.

13:39 21.10.2020

Депутаттар күн тартибиндеги маселе боюнча  добуш берүүнү баштады. Ал үчүн спикер алфавит боюнча фамилияларды окуп жатат.

13:36 21.10.2020

Депутат Өмүрбек Текебаев учурда депутаттардын эки жолу бар экенин билдирди:
Биринчиси — парламенттик шайлоону өткөрүү, андан кийин конституциялык реформа жүргүзүү.
Экинчиси — Парламенттик шайлоого чейин референдум өткөрүү.
Текебаев эгер өлкө экинчи жол менен кете турган болсо депутаттар 1-1,5 жылдан кийин президенттин алдына барып жүгүнүп учурашып каларын айтты.
Андыктан ал парламент азыр үч-төрт маанилүү маселени чечип коюп анан моралдык укугун сезип тарап кетүүгө чакырды.

12:51 21.10.2020

 Бүгүнкү жыйында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты. Мындан улам ал 5-октябрдагы элдик толкундоо депутаттарга сабак болбогонун айтып нааразы болду.
“Элдик толкундоого негиз болгон маселени карайын десек ар түрдүү жакка буруп атасыздар. 120 депутат көп дейсиңер, беш жыл кошоматмчылыктын коюн союп отурдуңар эле го. Ал эми референдум маселеси четте туруп турсун. Шайлоо мыйзамына үч өзгөрүүнү кабыл алып берели. Кечээги окуя бизге аз болуптур. Борбордук аянтка чыккан жаштар 120ыбызды кошуп кубалабаптыр. Биз дагы кетишибиз керек эле. Бүгүнкү күндө “мындай кылып койсок боло берет” деп 4-5 президенттин башын жеген Абил бийлер (“Сынган кылыч” романындагы каарман — ред.) жаман көбөйдү да. Мындан мурунку окуяларды эсиңерден чыгарбагыла",- деди Сулайманов. 
Ошондой эле ал Конституцияны бузуу эң оор кылмыш экенин унутпоого эскертти 
 

12:23 21.10.2020

"8-9 партия келет, алар кайсы идеологияны карманат? АКШда эки гана партия, эки идеологияны карманат. Босого пайызды азайтуудан эч нерсе өзгөрбөйт. Оптималдуу  нерсеге келмейин, биз  Конституцияны референдум аркылуу  өзгөртүүдөн коркпошубуз керек", — деди Мавлянова,

12:05 21.10.2020
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
12:05 21.10.2020

Бирок эл өкүлү Каныбек Иманалиев бул сунушка караманча каршы чыкты.

12:03 21.10.2020

Депутат Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат.

12:02 21.10.2020

Эл өкүлү жаштарга, жаңы партияларга да шарт түзүү үчүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү керектигин айтууда. Сулайманов аны бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизип кароону талап кылып жатат.

"Кечээки шайлоого 80ден ашуун депутат кайра катыштык. Элдин бизди көрөйүн деген көзү жок. Жаңы жүздөр келсин", — деди Сулайманов.

11:57 21.10.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0