Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов

Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен

613
(жаңыланган 13:41 21.10.2020)
Бүгүнкү жыйында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Митингге чыккан жаштар Жогорку Кеңештин 120 депутатын кошуп кууса болмок экен. Бул туурасында эл өкүлү Алтынбек Сулайманов жыйын учурунда айтты. 

Бүгүнкү жыйында "Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты. Мындан улам ал 5-октябрдагы элдик толкундоо депутаттарга сабак болбогонун айтып нааразы болду.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков жакалаша кетишти. Видео

"Элдик толкундоого негиз болгон маселени карайлы десек, ар түрдүү жакка буруп жатасыздар. 120 депутат көп дейсиңер, беш жыл кошоматчылыктын коюн союп отурдуңар эле го. Ал эми референдум маселеси четте туруп турсун. Шайлоо мыйзамына үч өзгөрүүнү кабыл алып берели. Кечээги окуя бизге аз болуптур. Борбордук аянтка чыккан жаштар 120бызды кошуп кубалабаптыр. Биз дагы кетишибиз керек эле. Бүгүнкү күндө "мындай кылып койсок боло берет" деп 4-5 президенттин башын жеген Абил бийлер ("Сынган кылыч" романындагы каарман — ред.) жаман көбөйдү да. Мындан мурунку окуяларды эсиңерден чыгарбагыла", - деди Сулайманов. 

Ошондой эле ал Конституцияны бузуу эң оор кылмыш экенин унутпоону  эскертти.

613
Белгилер:
талаш, мыйзам, шайлоо, Алтынбек Сулайманов
Тема боюнча
Депутаттардын мушташы. Алтынбек Сулайманов эмне сунуштады эле?
БШК кайрадан парламенттик шайлоо өткөрө турган күндү бекитти
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

80
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

80
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

90
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

90
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат
Шоколад. Архив

Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

0
Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

0
Белгилер:
мээ, чай, кофе, шоколад
Тема боюнча
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме