Парламент башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын кабыл алды

Жазылуу
Буга чейин депутаттар башкы прокурорлук кызматка кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай турганы айтылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду отставкага кетирди.

Жамшитовдун арызын президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев окуп, депутаттарга тааныштырды. Натыйжада баары бир добуштан анын отставкасын кабыл алууну колдоп беришти.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында башкы прокурор болуп дайындалган.

Өзүбүз чакырганбыз. Жапаров Жээнбековдун отставкага кантип кеткенин айтты

ЖКнын бүгүнкү жыйыны башталар алдында эл өкүлү Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурорлук кызматка кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай турганын журналисттерге билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0