Вице-премьер-министр Максат Мамытканов

Аягына чыгарабыз! Мамытканов бажыдагы коррупциялык схема боюнча оюн билдирди

364
(жаңыланган 16:33 21.10.2020)
Мамытканов онлайн-брифингде бажыдагы коррупциялык схемаларды иликтөө бир убакта тынчып калганын айтты.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Укук коргоо органдарына бажыдагы коррупциялык схемаларды аягына чыгаруу жана анын жыйынтыгын коомчулукка жеткирүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу вице-премьер Максат Мамытканов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Мамытканов бажыдагы коррупциялык схемаларды иликтөө бир убакта тынчып калганын айтты.

"УКМК кызматкерлеринин алдына Матраимовду кармоо тапшырмасы коюлган. Алар бул талапты аткарды. Эми иликтөө, тергөө кандай жүрүп, кандай масштабга жетери маанилүү. Мурдагы териштирүүлөр тынчып калган, эми ал иштер кайра калыбына келтирилип жатат. Матраимовдордун схемалары фейк же ойдон чыгарылган нерсе эмес. Биз муну менен токтоп калбайбыз жана аталган маселени аягына чыгарабыз", — деди вице-премьер.

Мамытканов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер менен коомчулук толук жана такталган маалымат алыш үчүн укук коргоо органдары реалдуу жыйынтыктарды бериш керектигин белгиледи.

Эске салсак, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн курамын сунуштаган. Анда Мамытканов вице-премьер болуп көрсөтүлгөн.

Райым Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

Вице-премьер Мамытканов: Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда

20-октябрь күнү кечинде Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

364
Белгилер:
бажы, коррупция, Райымбек Матраимов, Максат Мамытканов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы (14)
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

346
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

346
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

168
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

168
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

0
Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

0
Белгилер:
жабдуу, Генералдык штаб, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди